Президент М. Абылгазиевди, Д. Жумабековду, жана Жогорку Сотунун төрайымы Г. Калиева менен жолукту

  Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана  Жогорку Сотунун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, жолугушууда өлкөнүн күн тартибинде турган олуттуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлик бутактарынын жетекчилерине өлкө экономикасын өнүктүрүү, жарандардын бакубатчылыгын жогорулатуу боюнча стратегиялык милдеттерди ишке ашыруу боюнча биргелешип иштөөгө чакырды. Президент актуалдуу маселелердин бири катары сот-укуктук реформаны жүргүзүүнү атады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагындагы милдеттерди, анын ичинде аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү программаларын ийгиликтүү ишке ашыруу зарылдыгын өзгөчө баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ошондой эле экономика, сот-укуктук чөйрөлөрүндө, шайлоо системасындагы реформаларга тийиштүү мыйзам долбоорлорун дыкат кароонун жана кабыл алуунун маанилүү экенин белгиледи.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *