Президент: Мамлекеттик кызматка жеке байлык топтоо үчүн келбейт

   Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушуу учурунда 

«Мамлекеттик кызматка жеке байлык топтоо үчүн келбейт», — деп баса белгиледи. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.   

Мамлекет башчысы тилекке каршы, чейрек кылым ичинде бийлик эшелонундагы коррупция эң негизги улуттук көйгөй болуп калганын  айтты.

«Бийликке — өлкөнү өнүктүрүү үчүн эмес, байлык жыйноо, шайлоодо кетирген каражатын эселеп кайрып алуу үчүн келгендер көбөйүп кеткен. Бийликти — байлык топтоонун булагына, бизнеске айлантып жиберишкен», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Президент мамлекеттик кызматка келген ишкерлер өз психологиясын таптакыр өзгөртүшү керек экенин кошумчалады.

«Бийликке көрпенделик кызыкчылыктан, байлыктан баш тартып, акча табуу үчүн эмес, эл арасында сый-урмат, эл үчүн кылган эмгегим менен абийир табайын дегендер келиш керек. Биз өз абийирине камчы чаппагандарды, өз дарегине эл тарабынан айтылчу жакшы сөздү алтындан да кымбат баалагандарды колдошубуз керек. Коррупцияга каршы күрөш уланат», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *