Президент мектеп бүтүрүүчүлөрүнө  «Алтын сертификаттарды» тапшырды

    Мезгил

«Өлкөбүздүн жаркын келечегин билимдүү, илимдүү, мекенчил жаштар менен байланыштырабыз». Бул тууралуу   Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-июлда, 2020-жылдын орто мектеп бүтүрүүчүлөрүнө  «Алтын сертификаттарды» тапшыруу аземинде билдирди. 

Салтанаттуу иш-чара «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү.

Мамлекет башчысы бүтүрүүчүлөрдү мектепти ийгиликтүү аяктагандыгы жана «Алтын сертификатка» ээ болушу менен куттуктады. Бул ийгиликтин артында бүтүрүүчүлөрдүн тырышчаак аракети менен мугалимдердин, ата-энелердин талыкпаган эмгеги турарын белгиледи.

«Бүгүн силер аркылуу өлкөбүздүн бардык бүтүрүүчүлөрүн чоң турмушка аттануусу менен  куттуктайм. Силердин турмуш жолуңар шыдыр болсо экен деп тилейм. Биз силерге чоң ишеним, бийик үмүт артабыз», — деп баса белгиледи Президент.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *