Президент: Мен түшүнүп турам, окуп, угуп жатам. Бардыгын билем

  Мезгил

  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июлда   коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радио» радиостанциясына маек курду. 

Анда “Урматтуу Президент мырза, акыркы мезгилде бийликти кулатуу багытында түрдүү чакырыктар пайда болуп жатат. Айрыкча жаштардын арасында. Бул чакырыктардын артында кайсы бир күчтөр турабы же коомдун маанайы ушундай түзүлүп калды деп эсептейсизби?”-деген суроого төмөндөгүчө жооп берди.

— Азыр мына көрүп турасыңар, Кыргызстанда эки маселе жанаша жүрүп жатат.

Биринчиси — ковид. Ал абдан чоң маселе. Элибиздин, улуттун саламаттыгы. Экинчиси,  бийликке болгон күрөш. Ал да өз күчүндө.

Азыркы кээ бир саясий күчтөр ковиддин кесепетинен жаралган кырдаалды пайдаланып, саясий кырдаалды чайпалткысы келген, өз дивидендин алгысы келген саясатчылар жок эмес, бар.

Менин президенттик милдетим — ковидге каршы күрөш, элдин саламаттыгын сактоо.

Ушуга тете дагы чоң милдетим бар — бул саясий чайкоочулукка жол бербөө, коомдогу туруктуулукту сактап калуу. Менин шайлоо өтүшү керек дегеним да ошол себептен. Шайлоо аркылуу бийликке келишсин, каалаганы.

Аны эл чечет. Эл кимди шайласа, алар келип Өкмөттү курасын. Ал ошол парламенттин укугу. Көчөдөгү саясий чайкоочулук, бет тырмарлык менен эмес, аны жогоруда да айттым, мыйзамдуу жол менен келишсин.

Мен түшүнүп турам, окуп, угуп жатам. Бардыгын билем. Азыр эл абдан ачуулуу. Көптөр өз жакындарын жоготту.    Бул абдан оор нерсе.

Муну айрым саясатчылар элдин пайдасына эмес, өз кызыкчылыгына пайдалангысы келгендер  дагы жок эмес, биз ошого жол бербешибиз керек-деди өлкө башчы.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *