Президент менен өкмөт башчы өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды талкуулады

  Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-июлда,  премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн-кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаал, аны турукташтыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Кубатбек Боронов Өкмөт кырдаалды турукташтыруу үчүн күчөтүлгөн иштерди улантып жатканын баса белгиледи. Бишкек жана Ош шаарларында 100 орундуу эки оорукана куруу үчүн долбоор даярдалып баштады. Борбордо Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын аймагынан курулушка жер тилкеси аныкталып коюлган.

Ал ошондой эле Өкмөт тарабынан дары-дармектердин тартыштыгын жоюу боюнча чаралар көрүлүп жатканын билдирди. Өзбекстандан «гепарин» дарысынын бир партиясы келди, жакын арада Кытайдан бир топ дары-дармектердин келиши күтүлүп жатат, Индиянын жана Ирандын фармацевтикалык заводдору менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *