Президент менен премьер-министр согуш ардагерлеринен кабар алды

   Мезгил

Бүгүн, 8-майда  президент Сооронбай Жээнбеков менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алды.  Президент Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Усубакун Байсаловго жана Алексей Варавинге барды.

«Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы Сиздердин эрдигиңер, согуш бүткөндөн кийин өлкөнү калыбына келтирүү боюнча күжүрмөн эмгегиңер мамлекеттин андан аркы өнүгүүсү жана бекемдөөсүнө негиз болуп берди. Биз эч качан ардагерлерибиздин каармандыгын жана Ата Мекенге өтөгөн кызматын унутпайбыз. Эртең, 9-майда, мен жылдагыдай „Өлбөс  полктун“ жүрүшүнө катышам. „Өлбөс полк“ — бул биз үчүн, Мекен үчүн жана адамзаттын келечеги үчүн өмүрүн бергендерди түбөлүккө эскерүү», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

 Ал эми өкмөт башчы  Мухаммедкалый Абылгазиев 100 жаштагы ардагер Любовь Костылевадан кабар алды.

Өкмөт башчы согуштун ардагерин 9-май – Жеңиш күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук каалады.

«Силер биздин мамлекеттин өзөгүсүңөр. Сиздердин эрдик кайраттын жана ар-намыстын айкын үлгүсү катары кызмат өтөйт. Согуш жылдары сиздер көз көрбөгөн сыноолордон өтүп, кыйынчылыктарга карабастан жеңишке жетиштиңиздер. Эң оор мезгилде эрдик жасап, өлкөнү коргоп калдыңыздар. Андан соң согуштан кийинки жылдары Ата Мекендин бакубат жашоосу үчүн тынымсыз иштеп, республикабыздын бүгүнкү негизин түздүңүздөр», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *