Президент: Мугалим, медиктердин айлыгы качан экономика өскөндө, адилет сот бийлиги орногондо гана көбөйөт

Мезгил

«Сот системасы таза иштегенде гана өлкөдө акыйкаттык орноп, элдин бийликке карата ишеними бекемделет» мындай пикирин   Президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-мартта, Бишкекте өтүп жаткан  судьялардын   XI курултайында билдирди. 

“Бүгүнкү өтүп жаткан курултай сот системасы үчүн эле эмес, жалпы өлкөбүз үчүн өтө маанилүү окуя.

Анткени, адилеттүү, көз карандысыз сот системасын орнотпой туруп, өнүккөн мамлекетти куруу мүмкүн эмес экенин өзүбүздүн тажрыйбабыз көрсөттү. 

Сот системасы таза иштегенде гана өлкөдө акыйкаттык орноп, элдин бийликке карата ишеними бекемделет” дейт президент. 

Муну менен катар эле өлкө башчысы эл өкүлдөрү менен өкмөт мүчөлөрүнө кайрылды: 

Урматтуу депутаттар, өкмөт мүчөлөрү!

“Соттук-укуктук реформанын максаты — бул сотторду гана эле эмес, бүтүндөй укук коргоо системасын реформалоо.

Себеби сот адилеттигинин сапаты — күч органдарынын ишинен абдан көз каранды.

Өлкөдөгү башка муктаждыктарга карабастан, сот системасына каражат жетиштүү бөлүнүүдө.

Мугалимдер, медиктер, дагы башка айлык акыга муктаж тармактар бар.

Алардын айлыгы качан гана экономика өскөндө жана сот бийлиги чыныгы адилет сот бийлиги боло алганда көбөйөт. Баары бири-бири менен тыгыз байланышта.

Ошол жагдайды эске алып, сот системасын биз приоритеттүү багыт кылып отурабыз.

Бирок, силерден ошого жараша кайтарым болбой жатат” деди өлкө башчы.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *