Президент: Мурдагы бир элчи дипломаттын, этикасын бузуп, дипломатияга адашып келгенин көрсөттү

Мезгил

«Тышкы саясаттагы биздин негизги принцип — өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын көздөгөн, тең салмактуу тышкы саясатты ишке ашыруу» Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков      бүгүн, 14-мартта Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин башчылары менен өткөрүлгөн кеңешмеде билдирди.

Өлкө башчы элчилер мамлекеттин жүзү экенин айтып, Дипломатияда адашып келип алгандарга жол жок экенин баса белгиледи.

“Урматтуу элчилер, сиздер мамлекеттин жүзүсүңөр.Силер аркылуу дүйнө коомчулугу мамлекетибизди таанып билет.

Кээ бир элчиликтердин кызматкерлери дипломаттык статусун пайдаланып, мыйзамсыз иштер менен алектенген фактылар болгон.

Катардагы кызматкер эмес, айрым элчилердин өздөрүнүн дагы жүрүм-туруму алардын жогорку статусуна, элдин атынан чет жерде өкүл болууга татыктуу эмес.

Кайсы өлкө экенин атабасам да баарыңар билесиңер. Мурдагы бир элчи дипломаттын, мамлекеттик кызматкердин этикасын бузуп, дипломатияга адашып келген адис экендигин көрсөттү.

Дипломатияда ага окшоп адашып келип калган адамдарга орун жок болушу керек.

Элчи, бул албетте, саясий кызмат” –деди президент.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *