Президент премьер-министр менен төрагадан эмнени өтүндү?

  Мезгил

“Коопсуздук кеңештин чечимдерин ишке ашырууга формалдуу мамиле кылынып жатат» Бул тууралуу  президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн 24-январда, Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди. 

Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңештин «Сот,  көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө» чечимин ишке ашыруу — Жогорку Кеңеш жана Өкмөт тарабынан тиешелүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алуудан да көз каранды болорун белгиледи.

«Ушуга байланыштуу, мен Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Артисбековичтен жана Премьер-министр Мухаммедкалый Дүйшекеевичтен „Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө“ жана „Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө“ мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алууга контролдук кылууну өтүнөм. Укук коргоо жана прокуратура органдарынын кызматкерлерине карата чектөөлөрдү жана тыюу салууларды камтыган толуктоолорду киргизүү — принципиалдуу мааниге ээ», — деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *