Президент: Сөз дайым курч курал болгон. Сөз адамды жок кылат жана сөз жаратуучу боло алат

Мезгил

«ШКУга мүчө мамлекеттердин жаңы маалыматтык күн тартибин түзүүдө ЖМКлар катализатор боло алат» Бул тууралуу президент   Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-майда, Шанхай кызматташтык уюмундагы өлкөлөрдүн Медиафорумунун ачылышында билдирди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. 

 “Мен баарыңарды меймандос кыргыз жеринде көрүгөнүмө кубанычтамын! Кыргыз Республикасынын ШКУда төрагалык кылган жылында бизге ЖМК тармагын караган мамлекеттик органдардын жетекчилерин кабыл алууу жагымдуу.

Биз Шанхай кызматташуу уюмуна мүчө өлкөлөрдүн медиа-уюмдарынын өкүлдөрүн жана ошондой эле ШКУга байкоочу өкүлдөрүнө салам жолдойбуз. Сиздердин эмгегиңерди жогору бааларыбызды баса белгилейм. Сиздер биздин өлкөлөр үчүн гана эмес, бүт дүйнө үчүн чоң иш жасап жатасыздар.

 Медиа – учурдагы дүйнөнүн тарыхын дароо чагылдырат деп айтылат. Мен кошумчалайт элем: адамдар дүйнөнү сиздердин көз караш менен көрөт.Сиздердин позицияңардан, сиздердин жоопкерчилигиңиздерден ар бир өлкөнүн, биздин мамлекеттер ортосундагы дагы маанай көз каранды.

Сиздерге белгилүү болгондой, ШКУ уюмунун башкы милдеттеринин бири – бул өлкөлөр жана элдердин ортосундагы ишеним жана бири-бирин сыйлоо маанайын жаратуу. Бул милдетти ишке ашырууда абдан чоң роль массалык маалымат каражаттарына тиешелүү.

ЖМКлар ачык диалог түзүүгө, биздин коомдор ортосунда бири-бирин түшүнүүгө көмөктөшөт.

Сөз иш жүзүнө ашуу касиетине ээ. Сөз дайым курч курал болгон: сөз адамды жок кылат жана сөз жаратуучу боло алат”-деи өлкө башчы.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *