Президент: Өлкөдө реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу адилеттүү сот системасынан көз каранды

 Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-январда, Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйналыш өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, анда 2019-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, 2020-жылга карата максаттар жана артыкчылыктуу милдеттер талкууланды.

«Бүгүн өлкөбүздө ишке ашырылып жаткан санариптик трансформация бизге мамлекет менен жеке сектор жана жарандардын ортосундагы өз-ара карым-катнаштын жаңы платформаларын түзүүгө мүмкүндүк берет. Ошондуктан, бул багытта алдыбызга койгон дымактуу милдеттер аткарылышы керек», — деп айтты Президент Сооронбай Жээнбеков.

Санариптештирүү мамлекеттик органдардын натыйжалуулугун жогорулатып, коррупциянын деңгээлин кыскартат. «Биздин жеке тажрыйбабыз көрсөткөндөй, өлкөдө реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу адилеттүү сот системасынан көз каранды. Биз баштаган соттук-укуктук реформаны улантышыбыз керек», — деп белгиледи Президент.

Белгилей кетсек, Президент Сооронбай Жээнбеков  2020-жылды   “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” деп жарыялаган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *