Президент: Санариптик технологияларды киргизүү аркылуу насыялардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу керек

    Мезгил

Президент Сооронбай  Жээнбеков бүгүн, 10-майда, банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

 Президент банк чйрс Кыргызстан эклелмикасынын динамикалуу өнүгүп келе жаткан секторлорунун бири экенин баса белгиледи.

 “Банк чөйрөсү Кыргызстан экономикасынын динамикалуу өнүгүп келе жаткан секторлорунун бири.

Республиканын аймактарын бирдей өнүктүрбөсөк жана жарандардын турмуш сапатын жакшыртпасак, өлкөнү стратегиялык өнүктүрүү максатына жетишүү мүмкүн эмес.

Ошондуктан финансы каражаттарын региондорго багыттоо ишин улантуу өтө маанилүү. Аймактарда ишкерликти өнүктүрүүгө багытталган атаандаштыкка жөндөмдүү долбоорлорду активдүү каржылоо зарыл. Биринчи кезекте кайра иштетүүчү жана экспортко багытталган ишканаларга көңүл буруу керек.

Санарип экономикага өтүү шартында финансы-кредиттик уюмдар каржылоонун инновациялык каражаттарын ишке кеңири киргизүүгө багыт алышы абзел.

Коммерциялык банктардын ролун жогорулатуу өтө маанилүү. Алар насыяларды көп берип, инвесторлор жана аманатчылар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, эң алдыңкы банк технологияларын колдонуу менен төлөм системасын өнүктүрүүгө милдеттүү.

Санариптик технологияларды киргизүү аркылуу насыялардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу керек. Аларды арзан жана бюрократиялык тоскоолдуктарсыз, кыска мөөнөттө берүү зарыл.

 Сиздерге бекем ден соолук, албан ийгиликтерди, жемиштүү иш жана ар бир үй-бүлөгө бакубатчылык каалайм!» -деп жазылат  өлкө башчынын куттуктоосунда.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *