Президент Сооронбай Жээнбеков Баку шаарына учуп кетти

  Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, эки күндүк иш сапары менен Баку шаарына (Азербайжан) Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) Жетинчи жыйынына катышуу үчүн учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ТТМККнын кезектеги жыйынында түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу мамилелердин, анын ичинде маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык кызматташтыктын өнүгүү маселелери талкууланат.

Эске салсак, ТТМККда төрагалык кылуу Кыргыз Республикасынан Азербайжан Республикасына өтөт. Президент Сооронбай Жээнбековдун ТТМКК жыйынына катышуусунун алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулары күтүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков, экономика министри Санжар Муканбетов, финансы министри Бактыгүл Жеенбаева жана маданият, маалымат, туризм министри Азамат Жаманкулов.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *