Президент Сооронбай Жээнбеков БШКнын жаңыланган имаратына барды (фото)

    Мезгил

Президент  Сооронбай Жээнбеков  кечээ 14-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жаңыланган имаратына барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова 2018-2020-жылдарга карата Шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу стратегиясына ылайык түзүлгөн Жарандык билим берүү жана шайлоо технологияларынын борборунун ишмердүүлүгү жана менен тааныштырды.

 Президент бардык региондордо Борбордун программасын тең жайылтуу үчүн облустардагы жогорку окуу жайлар менен өз ара мамилесин камсыздоо боюнча пландарды колдоду. Борбордун иш-чараларынын бардык жарандарга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо зарылдыгын баса белгилеп, электрондук окутууларды жүргүзүүдө салттуу форматтарды да, заманбап санариптик технологияларды да колдонууга чакырды.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жакшыртуу жана шайлоо процессине жаштардын катышуусун жогорулатуу боюнча иштер тууралуу айтып берди.

 Президент Сооронбай Жээнбеков БШК мүчөлөрү менен пикир алышууда саясий жана экономикалык тармактарда ачык жана калыс атаандаштык болгондо гана өлкөнү өнүктүрүү мүмкүн экендигин баса белгиледи.

Ал БШКнын башкы милдети бардык деңгээлдеги шайлоолордун ачык-айкындыгын камсыздоо жана шайлоо системасынын платформасын туруктуу түзүү экендигин эске салды.

«Шайлоо системасынын ачык-айкын жана туура иштөөсү БШК мүчөлөрүнүн, аймактык комиссиясынын кызматкерлеринин кесипкөйлүгүнөн жана адамдык сапаттарынан көз каранды», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков БШК мүчөлөрүн жана аппарат кызматкерлерин Шайлоо комиссиясынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *