Президент Сооронбай Жээнбеков менен Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу сүйлөштү

Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-апрелде, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Мамлекет башчылары кыргыз-казак эки тараптуу өз ара кызматташуунун келечектүү маселелерин, көп тараптуу уюмдар менен бирикмелердин алкагында кызматташууну талкуулашып, ошондой эле жакынкы келечекке болгон пландарды белгилешти.

Сооронбай Жээнбеков жана Касым-Жомарт Токаев мындан ары коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча биргелешкен чараларды өткөрүү маселеси тууралуу пикир алмашышты.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *