Президент Сооронбай Жээнбеков Москвадагы парадга катыша алган жок

Мезгил

Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Москвадагы парадга ардактуу конок катары катыша алган жок. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, Москвага учуп барганда кыргыз делегациясы таажы ылаңына анализ тапшырып, экөөнүкү таза эмес болуп чыкты.

Президенттин ат кошчулары жарыялаган маалыматка караганда, «Алгоритмге ылайык, президент Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуудан карманды».

Бүгүн Москванын Кызыл аянтында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парад өтүп жатат. Ага бир катар өлкө лидерлери чакырылган, айрымдары баруудан баш тартышкан.

Жээнбеков баштаган кыргыз делегациясы Москвага 23-июнда учуп барган. Парадга Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын жоокерлери катышты. Сапарга аттанаар алдында биздикилер бир текшерилип коюшса болот беле? 

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *