Президент Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна иш сапары менен барат

 Мезгил

Президент  Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына болгон иш сапарларын улантууда. Мамлекет башчысы 19-20-август күндөрүндө эки күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Президент Кочкор, Ат-Башы, Нарын райондорунда жана Нарын шаарында коронавирус инфекциясынын пандемиясы шартында санариптештирүү жана аймактардагы ички жолдорду реконструкциялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп чыгат.

Ошондой эле айыл чарба, кайра иштетүү, ирригация, медицина, билим берүү жана энергетика объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *