Президент Сооронбай Жээнбеков Путинден эмнени өтүндү?

  Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин жолугушуусунда миграция маселеси да четте калган жок. 

Сооронбай Жээнбеков Миграция маселеси боюнча кызматташуу чөйрөсүндө ал миграциялык каттоого алуу процедураларын жеңилдетүүнү, же өлкөдөн чыгарып салбастан, айып салуу түрүндөгү жоопко тартуу чарасы менен алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү өтүндү.

«Товарларга байкоо жүргүзүүнүн кыргыз улутуттук системасын түзүү үчүн техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө маселенин чечилишин тездетүүгө көмөк көрсөтүүңүздү өтүнөм. Бул маселени Сиз менен буга чейин талкуулаганбыз, жана ал эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн жана ведомстволорунун деңгээлинде бир нече ирет каралган», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Андан тышкары, ал 2019-жылы ЖККУ төрагалыгынын жүрүшүндө Кыргызстан сунуш кылган артыкчылыктарды Россия тараптын колдогонун жогору баалай турганын белгиледи. 

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *