Президент Сооронбай Жээнбеков Россияга учуп кетти

   Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков Россияга учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

 Ал бир күндүк жумушчу сапары менен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Кургак жер аскерлер топторунун катышуусунда биргелешкен практикалык иш-аракеттер өтө турган Оренбург шаарына барат.

Жээнбеков иш-чаранын алкагында ошондой эле Россиянын лидери Владимир Путин менен  жолугушуу өткөрүп, эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде аймактагы коопсуздукту камсыздоо маселелерин талкуулашат.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *