Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту

Мезгил

Бүгүн, Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга иш сапары менен келген Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды. 

Жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, анын ичинде чек ара, энергетика, аймактар жана парламенттер аралык кызматташуу маселелери талкуулашты.

Президент бардык тиешелүү маселелер өз ара пайдалуу шарттарда чечилүүсү керектигин баса белгилеп, Өзбекстан менен эки тараптуу гана эмес, көп тараптуу кызматташууга да кызыкдар экендигин билдирди.

Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча тараптардын ишин канааттануу менен белгилеп, Кыргызстан жана Өзбекстандын чектеш аймактарынын ортосундагы кызматташуусун мындан ары тереңдетүү керектигин айтты.

Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин саламын айтып, эки мамлекет башчыларынын жасаган аракеттеринин натыйжасында эки өлкөнүн мамилелери жаңы, сапаттуу деңгээлге чыкканын, соода-экономикалык мамилелерде алгылыктуу өсүү болгонун баса белгиледи.

Арипов эки өлкө ортосундагы бардык маселелер, анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсүн 1 млрд АКШ долларына чейин жеткирүү боюнча да өкмөттүк деңгээлде иш жүргүзүлүп жатканын айтып өттү.

Жолугуушунун соңунда ал, Сооронбай Жээнбековду Кыргызстандын Шанхай Кызматташтык Уюмундагы ийгиликтүү төрагалыгы менен куттуктап, Кыргызстандын жетекчилигинин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоодогу жемиштүү ишин жана өзгөчө аймактарды өнүктүрүү боюнча демилгелерин белгилеп өттү.

 

 

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *