Президент: Токтогул ГЭСинин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узарат

Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Жалал-Абад облусунда Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоору боюнча иштер менен таанышып жатып  “Токтогул ГЭСин реконструкциялоонун үч фазасы тең аяктаганда, ГЭСтин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узарат», — деди.

 “1975-жылы ишке киргизилгенден тартып иштеп, станциянын негизги жабдуусунун техникалык ресурсу иштелип бүткөн.Аны реконструкциялоо жүргүзүлгөн эмес, ушул себептен ГЭСтин жабдуулары моралдык жактан эскирип, толугу менен алмаштырууну талап кылган. Токтогул ГЭСин жаңылоо үч фазадан турат.  Биринчи фазасын ишке ашыруу 2017-жылдын май айында башталган. Мен Премьер-министри катары келип, бул иштерге старт берүүгө катышкам.

Азыр ГЭСтин төрт энергетикалык блогунда тең негизги электр-механикалык жабдуулар — күч трансформаторлору жана кабелдик линиялар, ошондой эле башка көмөкчү энергетикалык жабдуулар алмаштырылды. Мурдагыга караганда коопсуздуктун дүйнөлүк стандарттарына жооп берген, заманбап материалдардан жасалган жаңы жабдуулар орнотулду. Долбоордун биринчи фазасын каржылууга 55 млн. доллар суммасында насыялаган Азия өнүктүрүү банкына ыраазылык билдирем. Долбоордун экинчи жана үчүнчү фазаларында станциянын төрт гидроагрегаты тең кезеги менен алмаштырылат. Жалпы суммасы 320 млн. АКШ долларын түзгөн бул иштерди каржылоо үчүн Азия өнүктүрүү банкынын жана Евразия өнүктүрүү банкынын каражаттары жумшалат. Кудай буйруса, ГЭСтин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узарат” деди өлкө башчы.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен учурда Жалал-Абад облусунда жүрөт. 

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *