Президент тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды

  Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-мартта, өлкөнүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды.

Россиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга биринчи мамлекеттик визитине даярдык  көрүү маселелери жана ошондой эле тышкы саясаттагы бардык актуалдуу маселелер боюнча пландар жана милдеттер талкууланды.

Министр Чыңгыз Айдарбеков Президент Владимир Путиндин мамлекеттик визитине даярдыктын жүрүшү жана бул визиттин алкагында өтө турган иш-чаралар тууралуу маалымдады.

Президент Сооронбай Жээнбеков бекитилген планга ылайык, бардык милдеттерди кылдат жана өз убагында ишке ашыруу тапшырмасын берди.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *