Президент Улуттук банктын  төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды

 

Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, кечээ 2-октябрда,   Улуттук банктын  төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Анда акча-кредиттик саясатын жүргүзүү ишмердиги, банктык жана төлөм системасынын азыркы кырдаалы, ошондой эле өлкөдөгү баа жана финансылык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча кабыл алынган чаралар талкууланды.

Президент  аймактык өнүктүрүү мамлекеттик саясатын ишке ашыруунун алкагында район жана облустардагы экономикалык долбоорлорду колдоо боюнча коммерциялык банктар жана каржы-кредиттик мекемелер менен өз ара аракеттешүүнү күчөтүү зарылдыгын өзгөчө белгиледи.

Аны менен бирге Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук банктын системасында санариптик технологияларды жана автоматташтыруу процессин ишке киргизүүнүн маанилүүлүгүн жана өлкөдө банктык жана төлөмдөрдүн жаңы шарттарынын деңгээлин жогорулатуу боюнча мындан ары чечимдерди кабыл алуунун зарылдыгына көңүл бурду.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Кыргызстанда баалардын туруктуулугу камсыз кылынып жаткандыгын, 2019-жылдын августунда жылдык инфляциянын көлөмү 2% түзгөндүгүн белгиледи.

Улуттук банктын акча-кредиттик саясаты экономикадагы активдүүлүккө дем берүүгө багытталган: эсептик ставка (4,25%) төмөндөдү жана кредиттик операциялар жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалады.

 Улуттук банк 2019-жыл ичинде жалпы көлөмү 36 млрд сомду түзгөн 27 кредиттик аукцион өткөргөнүн белгиледи. Анын ичинде көпчүлүк бөлүгү — 27 млрд сом аймактарды өнүктүрүү максаты үчүн кредиттик аукциондордун алкагында сунушталды.

Толкунбек Абдыгулов өлкөнүн төлөм системасы туруктуу өнүгүп жатканын белгиледи. Мобилдик банкинг шарттарын өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоор, накталай эмес эсептөөнүн заманбап формасы жана өлкөнүн алыскы аймактарында банктык кызматтарды көрсөтүү ишке ашырылууда. «Элкарт» картасынын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 27,3 пайызга көбөйдү.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *