Президент: Азырынча өзгөчө абал киргизүү маселеси карала элек

  Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда, мамлекеттик органдардын жетекчилери, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери жана райондордун акимдеринин катышуусунда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү мындан аркы артыкчылыктуу милдеттерди талкуулады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

 Өлкө башчы  азырынча жалпы өлкө боюнча өзгөчө абал киргизүү маселеси карала электигин баса белгилеп, бирок жер-жерлердеги жетекчилер тарабынан киргизилген санитардык-эпидемиологиялык, карантиндик чектөөлөрдү бардык жарандар жана экономика субъектилери милдеттүү түрдө аткарышы керектигин эске салды.

«Илдет менен күрөшүүдө жарандык жоопкерчиликтин деңгээли зор мааниге ээ. Биз кырдаалдын оор экенин ачык айтып жатабыз. Ар бир муунга ар кандай сыноолор туш келет экен. Биздин аталарыбыз, чоң аталарыбыз Улуу Ата мекендик согуштун азабын тартып, башын канжыгага байлап, бизге тынч, ачык асманды камсыздап берди. Бүгүн биз ушул илдет менен күрөшүп жатабыз. Жеңиштин эрте-кечи ар бир жарандын өз милдетин так аткаруудан көз каранды. Ал милдеттер өтө жөнөкөй: адистер айткан эрежелерди жана тартипти сактоо, жакыныңа жардам берүү», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *