Президент жаңы ачылган паркты “Ынтымак” деп атоону сунуштады

    Мезгил

Президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-августта, Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы жаңы парктын ачылышында анын атын «Ынтымак» («Дружба») деп атоону сунуштады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди 

«Бул жерге өлкөнүн бардык булуң-бурчунан биздин мекендештерибиз өздөрүнүн бош убактысын өткөрүү үчүн келишет. Ата-энелер балдары менен эс алышат. Биз үчүн эң башкысы — бул ынтымак, биримдик жана достук. Ошондуктан сейил бакты “Ынтымак“ деп атоону чечтик. Бул борбордун тургундарын жана конокторун, бардык кыргызстандыктарды бириктирген жай болсун», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Бүгүн 30-августта эгемендик күнүн утурлай,  Түштүк магистралдагы жаңы эс алуу багы расмий ачылды. Салтанаттуу иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *