Президент: Жаңы технологиялар добуш берүүнү бурмалоону толугу менен жойду

  Мезгил

Бүгүн, 14-ноябрда, Бишкекте Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 30 жылдыгына карата «Кыргызстандын шайлоо комиссиялары — демократиялык өнүгүүнүн тажрыйбасы жана келечеги» аттуу конференция болуп өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

  Президенттин Аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан конференциянын катышуучуларына жолдогон кайрылуусун окуп, өлкөнүн шайлоо системасынын ардагерлерине БШКнын 30 жылдык мааракесине карата Президенттин атынан баалуу белектерди тапшырды.

-Өткөн мезгил аралыгында ар кандай деңгээлдеги шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары зор тажрыйба топтоду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы жана азыркы курамынын күч-аракети менен инновациялык технологияларды колдонууда, шайлоонун ачык-айкындыгын жана аныктыгын камсыз кылууда Кыргызстан постсоветтик өлкөлөрдүн арасында алдыңкы орунга чыкты.

Жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу, таза, ачык-айкын, адилет, атаандаш шайлоо өткөрүү максатында жаңы модель ишке киргизилди. 

Жаңы шайлоо модели боюнча 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо, 2016-жылы референдум, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо өткөрүлдү.

Жаңы технологиялар добуш берүүнү бурмалоону толугу менен жойду.

Бул маанилүү иште  БШКнын бардык мезгилдеги курамына кирген мүчөлөрү кесипкөйлүктү жана жоопкерчиликти көрсөттү.

Баарыңыздарга шайлоочулардын атынан терең ыраазылык билдирем!-деди мамлекет башчы.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *