Президент жана аны коштоп баргандар 14 күн обочолонууда болушат

  Мезгил

Президент жана аны коштоп баргандар Бишкекке кайтып келишет, анализдери оң чыккандар бардык алгоритмди сактоо менен 14 күн обочолонууда болушат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, президент жана башка адамдар дагы анализдери чыкканга чейин 3 күнгө обочолонууга чыгышат.

Белгилей кетсек, буга чейин айтылгандай, Москвада президенттин  аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана күзөт кызматынын бир кызматкеринен илдет аныкталды.

Мындан аркы алгоритмге ылайык, Президент Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышпоо чечимин кабыл алды.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *