Жээнбеков Касым-Жоомарт Токаевди Кыргызстанга чакырды

 Мезгил

Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 28-майда, Казакстандагы  иш сапарынын алкагында Казакстан президенти Касым-Жоомарт Токаев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Эки тараптуу кызматташтык, анын ичинде Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы актуалдуу маселелер талкууланды.

Мамлекет башчысы кыргыз тарап стратегиялык кызматташтык, достук, биримдик, боордош өлкөлөр ортосундагы жылуу коңшулукту жогору баалап, Казакстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө артыкчылыктуу маани берерин белгиледи.

Кыргызстан жана Казакстандын Өкмөттөрүнүн ортосунда эки тараптуу экономикалык кызматташтык маселелери боюнча Жол картасы ишке ашырылууда.

Сооронбай Жээнбеков Казакстан Президенти Касым-Жоомарт Токаевди ал үчүн ыңгайлуу каалаган убагында Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакырды.

Казакстан Президенти Касым-Жоомарт Токаев өлкөлөр ортосундагы мамилелер чыныгы достук мүнөзүнө ээ экендигин белгиледи.

«Бизде өлкөлөр ортосундагы мамилелер жогорку артыкчылыктуу багыт экенин белгилеген көптөгөн жалпы институттар бар. Биз кызматташтыктын алкагында конкреттүү жыйынтыктарга жетүүгө даярбыз», – деп баса белгиледи Казакстандын Президенти Касым-Жоомарт Токаев.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *