Президент  Жээнбеков менен Путиндин жолугушуусу «Ала-Арча» резиденциясында болду

 Мезгил

Президент  Сооронбай Жээнбековдун жана Россиянын Президенти Владимир Путиндин расмий жолугушуу аземи «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болду.

Мамлекеттик резиденциядагы расмий жолугушууда эки өлкөнүн гимндери жаңырды, мамлекеттик желектер илинди.

Мамлекеттер башчылары Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын Ардактуу кароолу менен учурашышты, расмий делегациялардын мүчөлөрү менен танышышты.

Расмий азем Кыргызстан аскерлеринин салтанаттуу өтүүсү менен аяктады.

Андан соң эки мамлекеттердин башчылары чакан чөйрөдөгү жолугушуу өтүүчү бөлмөгө бет алышты.

Эске салсак,  Россия Президенти Владимир Путин бүгүн, 28-мартта, таң эртең менен Бишкекке келди. «Манас» эл аралык аэропортунда Владимир Путинди Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *