Президент Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын өзгөчөлүгүн айтты

Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 30-июнда Жогорку Кеңеште сөз сүйлөп жатып ишин жыйынтыктаган Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын өзгөчөлүгүн айтты.

-Учурда Жогорку Кеңештин дээрлик 5 жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарып жатасыздар.

Жакында сиздер элге барып, шайлоочулар менен жолукканда да ар кандай ойлор айтылат. Анын ичинде сиздердин ишиңиздер да бааланат.

Жогорку Кеңештин ишмердиги жөнүндө коомчулук тарабынан бир катар сын-пикирлер айтылып келет.  Бул ачык коомдогу табигый көрүнүш. Бирок, калыстык үчүн, так ушул алтынчы чакырылыштагы депутаттар тарабынан өлкөбүз үчүн абдан маанилүү чечимдер кабыл алынганын айта кетейин.

Жалпылап айтканда, параламенттин ушул курамы тарабынан коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган чечимдердин көпчүлүгү кабыл алынганын эч ким төгүндөй албайт. Бул ойду бышыкташ үчүн Жогорку Кеңештин айрым чечимдерин белгилесек болот.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын дагы бир өзгөчөлүгү — бул Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттер менен интеграциялык мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган чечимдердин көбү ушул чакырылышта кабыл алынганы болду-деди президент.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *