Президент: Жоопкерчиликти сезе билүү — эң зарыл сапат

  Мезгил

Президент  Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы  билдирди. 

Мамлекет башчысынын куттуктоосун бүгүн, 4-октябрда,  президенттик  аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп жаткан Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада окуду.

 «Урматтуу билим берүү кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — билим берүү кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Биз билимдүү, демилгелүү жана өнүгүүгө умтулган муунду өстүрүүгө умтулабыз.

Мындай ийгиликтерге жетүүдө тарбиячынын, мугалимдин, бардык деңгээлдеги кесиптик окуу жайлардын окутуучуларынын эмгеги зор. Жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүк, өз кесибин сүйүү, өлкө жана келечек муун алдында жоопкерчиликти сезе билүү — эң зарыл сапаттар.

Мамлекет билим берүү системасын өнүктүрүүгө жана педагогдордун эмгек шарттарын жакшыртууга бардык аракеттерди көрүп жатат.

Жаңы бала бакчалар жана мектептер колдонууга берилип, билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасы жакшырып, анын ичинде санариптештирүү процесси ишке ашырылууда.

Ушул жылдын октябрь айынан тартып, билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулады. Мамлекет ушуну менен токтоп калбайт, балдардын жана өлкөнүн келечеги үчүн мугалимдерге татыктуу шарттарды түзүп берүү — биздин приоритеттүү багыттарыбыздын бири!

Кыргызстандын жаштарын окутууда жана тарбиялоодо талыкпаган эмгегиңиздер үчүн чын дилимден ыраазылык билдирип, сиздерге чың ден соолук, бакты-таалай жана зор ийгиликтерди каалайм!»деди президент

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *