Президенттик шайлоону өткөрүүгө 549 миллион сом сарпталат

   Мезгил

Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө кете турган чыгымдардын сметасын бекитти.

 Маалыматка ылайык,  президенттик шайлоого 549 миллион 161 миң 100 сом сарпталмакчы. Анын ичинен 369 миллион 137 миң 300 сомун облустарга багытташат. Бул суммага иш сапарларына кеткен чыгымдар, кеңсе товарларын сатып алуу, шайлоо тилкелеринин кызматкерлерине тренинг өткөрүү, алардын эмгек акысы, байланышка кеткен чыгымдар кирет. Бюллетендерди басып чыгарууга 7-10 миллион сом каралган.

Кошумчалай кетсек, мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоо 10-январга дайындалды.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *