Президенттикке талапкерлердин бардык документтерин кабыл алуу 7-декабрда аяктайт

    Мезгил

Кыргызстандын президенттигине талапкерлер бардык документтерди 6-декабрь күнү саат 00:00гө чейин тапшырышы керек. Бул тууралуу   Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.   

Маалыматка ылайык,    мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп жаткандыктан, убакыт дагы кыскартылды.

Талапкерди көрсөтүүнүн эки жолу бар: жаран өзү талапкерлигин көрсөтөт же партия. Шайлоо күнү аныкталгандан кийинки күнү талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү башталат.

“Азыркы кырдаалда талапкерлерди көрсөтүү 15-ноябрга (14-ноябрдын саат 00:00гө) чейин уланат. Бардык документтерди 7-декабрга чейин тапшыруу кажет. Шайлоо күрөөсү 1 млн сом, аны 4-декабрга чейин берүү керек. Президенттикке талапкерлерди каттоонун акыры күнү 14-декабрда саат 00:00дө аяктайт. Ошондой эле талапкерлер 30 миңден ашык, 60 миңден көп эмес добуш топтошу керектелет. Ал эми 15-декабрда үгүт иштери башталат”, – деп айтылат маалыматта.  

Президенттикке талапкерлигин азырынча эч ким көрсөтө элек.

 Эскерте кетсек, кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында болот. Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын 15-октябрында мөөнөтүнөн мурда өлкөнүн президентинин кызматынан кеткен.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *