Президенттин байлыгы

  Мезгил

Президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы тапшырган декларациясында 890 миң 994 сом киреше тапкан. Ал эми 2018-жылы 902 миң 785 сом киреше тапкандыгын көрсөткөн.

2015-жыл

2015-жылы Сооронбай Жээнбеков 476 миң 920 сом киреше тапкан. Бул жылы ал Ош облусунда өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү жана Мамкадр кызматында жетекчи болуп иштеген.

2016-жыл

2016-жылы Жээнбековдун кирешеси 870 001 сомго жеткен. Бирок декларациясында чыгашалар бөлүгү толтурулган эмес. Мыйзам боюнча көрсөткүч эсептен 3 000 эседен ашкан чыгашаларды жазуу милдеттендирилет. Бул жылы Жээнбеков 160 чарчы метрди түзгөн үйү, 60 чарчы метрди түзгөн дачасы жана 48,04 ганы түзгөн айыл чарба багытындагы жери бар экендигин көрсөткөн. Ошондой эле 1 700 даана алма көчөтү, 2 миң даана терек көчөтү жана үй-вагону, “МТЗ-80” трактору көрсөтүлгөн. Ал эми 2015-жылдагы декларацияда көрсөтүлгөн 2 миң даана жашыл көчөттөр, соода павилиону, 8 сотых жер тилкеси, 1,08 га аянтты түзгөн жер тилкеси, 120 чарчы метрди түзгөн сарай 2016-жылдагы декларациядан чыгарылган.

2017-жыл

Бул жылы Сооронбай Жээнбеков премьмер-министр жана президент болуп иштеген. Эки жумушунан 890 миң 994 сом киреше тапкан. Өз менчигинде 160 чарчы метрди түзгөн үйү, 50,9 гектарды түзгөн 3 жери жана “МТЗ-80” трактору бардыгы тууралу көрсөткөн. Декларацияда мурдагы жылдары көрсөтүлүп келген 3,7 миң даана дарак өстүрүлгөн бак жана үй-вагон көрсөтүлгөн эмес.

Жакындарынын кирешеси

Жээнбековдун жакындары 2015-жылы 66,6 гектар жайыт жерди ижарага алып келишкен. Кийинки жылдарда ал декларацияда көрсөтүлгөн эмес. Жакындарынын активинде 64 чарчы метр батири айыл чарба багытындагы 10 гектар жери көрсөтүлгөн. Алар 2,4 миллион сом иштеп табышкан.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *