Президенттин кайрылуусу көпчүлүктүн кыжырын келтирди

Мезгил

Кечээ, 9-июлда президент Сооронбай Жээнбеков  өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасаган. Бирок бул көпчүлүктүн кыжырын келтирди.

Дегенибиз, өлкө башчынын видео кайрылуусу президенттин ютубдагы  расмий каналына жүктөлгөндөн кийин интернет колдонуучулардын көбү аз убакыттын ичинде  4 миң дизлайк, ал эми болгону  322 лайк басышкан. Мындан улам президенттин пресс кызматы ал видеону өчүргөнгө аргасыз болушту.    

Ошондой эле кайрадан комментарий калтырганга мүмкүн болбой тургандай кылып жүктөштү. Ал эле эмес, канча дизлайк же лайк болоорун көрсөтпөй тургандай кылып салышкан. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *