Президенттин «Мамлекетибизде судьялардын арасында уюшкан кылмыштуу топ бар…» деген сөзү төгүн эмес

 Мезгил

Гезит бир нече сандан бери экс-судья Мамытов Эмил жана анын үй-бүлөсү, жубайы Чолпон Шаршенова, баласы Эмилбек уулу Мырзабектин ишкер Раджаб Абдурасуловду, анын ишкерликтеги өнөктөштөрү Россиянын, Казакстандын жарандарын “алдап сызга отургузуп” кеткени туурасында макалаларды жарыялады. Ошондой эле, экс-судья Мамытов Эмилбек  өзүнүн уулу Эмилбек уулу Мырзабек менен өздөрүнчө  ишкана ачып мамлекетке 6 292 842 сом зыян келтирип, бүгүнкү күнгө чейин төлөбөй жатканы, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызмты, Башкы прокуратура 304-статьянын 2-3 бөлүгү, 173-статьянын 3-2 бөлүгү менен кылмыш ишин козгогону жазылды.Бул боюнча укук коргоо органдары коррупцияга каршы күрөштүн алкагында чара көрүшө элек. Тиешелүү органдардын экс-судьягы итиши өтпөй жатабы? Коррупцияга каршы күрөш кайда калат анда?..

Бул чырдуу иш туурасында экс-судья Эмилбек Мамытов менен мыйзамдуу талаада күрөшүп жаткан ишкер Раджаб Абдурасулов да кенен маек берген. Анда ишкер экс-судья Мамытовго кандай жардам бергенин, анан кантип 4 кабаттуу эки офисинен ажырап, чет өлкөлүн өнөктөштөрү менен биргеликте  компанияларын тарттырып жиберип, жүз миңдеген доллар зыян тартканын айткан.Ошондой эле эки жылдан бери чуусу чубалып, тергелип бүтпөй жаткан ишке кимдер тоскоолдук жаратып жатканы боюнча  маселени кабыргасынан койгон. Тактап айтканда, президентибиз Сооронбай Жээнбековдун бир нече жолу «Мамлекетибизде судьялардын арасында уюшкан кылмыштуу топ бар» – деп айтканына экс-судьянын ишиндеги айрым жагдайлар үндөшүп турганын мисал келтирген. Буга  экс-судья Мамытов Эмил менен тыгыз байланыштагы Чүй областынын райондор аралык сотунун төрагасы судья Курманов Ашыр, анын жубайы нотариус Кожомкулова Айгүл, алдамчылыкка шектелген  адвокаты Котик Наталья Михайловнанын аракеттери президентибиз айткан сөздүн чындыгы бардыгын ырастап турганына токтолуп, Мамытов чалган былыктуу иштерде  судья, нотариус, адвокаттардын кулагы чыгаарын ачык белгилеген.

Белгилей кетчү жагдай, нотариус Айгүл Кожомкулованын укуктук жактан мыйзам бузуулары кашкайып көрүнүп жатса да, эмдигиче тиешелүү чара көрүлө элек. Ушундан улам нотариустун мыйзамсыз аракеттерин күйөөсү судья Ашыр Курманов калкалап жатабы деген шектенүү жаралат. Болбосо кайсы бир деңгээлде тиешелүү укуктук баа берилиши керек болчу.

Чындыгында азыр сотторго байланыштуу коомчулукта нааразычылык көп. Президентибиздин айтканында жүйө бар. Мына 2018-жылы Соттор кеңеши мыйзам бузуу менен чечим чыгаргандыгына байланыштуу деп  жоопкерчиликке тартылсын деген Москва райондук сотунун мурдагы төрагасы Феликс Марсел өлкөдөн чыгып кетип, ага УКМК тарабынан издөө жарыяланды. Буга чейин Аскер сотунун мурдагы төрагасы Нурланбек Ашымбеков жана Октябрь райсотунун  судьясы Эрнис Чоткараевдер өлкөдөн из жашырып чыгып кетишкен. Ушунун өзү эле сот тармагы түп тамырынан реформага муктаждыгын айгинелеп турат.

Айрине, экс-судья Эмил Мамытовдун ишиндеги тергелип жаткан жагдай дагы тиешелүү органдардын кылдат, жоопкерчиликтүү мамиле кылуусун талап кылат. Демек, “бармак басты, көз кысты” болгон көңүлкош, кайдигер мамиле жасалбаш керек. Баарыачык, мыйзамчегиндетак жүргүзүлүүгөтийиш. Булчырдууишменен президент да кабардар. Андыктан соттордун аты аралашкан чырдуу иштер мыйзам алкагында акыйкат каралышы абзел….

Президент Сооронбай Жээнбековдун «мамлекетибизде судьялардын арасында уюшкан кылмыштуу топ бар…» – деген сөзүндө чындык бардыгын белгилеп айтып жатабыз. Мына экс-судья Мамытов менен Чүй областынын райондор аралык сотунун төрагасы судья Курманов Ашыр Такишевич, анын жубайы нотариус Кожомкулова Айгүл Эсенжановна, алдамчылыкка шектелген  адвокаты Котик Наталья Михайловнанын тыгыз байланышы буга мисал десек жарашат.  Дегенибиз, экс-судья Эмилбек Мамытов 2016-жылы өзүнө каттаткан Бишкек шаарынын Никитина көчөсү 2 дарегиндеги  баасы 1 миллион доллар турган 4 кабаттуу офистик имаратты кайдан тапты деген суроо туулат. Ошондой эле, аялына Бишкек шаарынын Осмонкулова 113 дарегиндеги баасы 1 миллион доллар турган 4 кабаттуу офистик имарат катталган. Булар кайдан чыкты? Мындан сырткары Россиянын жараны В.Н Куриленконун колу жасалган ОсОО “Меридиан Логистик” компаниясын судья Курманов Ашырдын жубайы аркылуу Мамытов баскынчылык жол менен каттатып алып жатат. 

Өлкөбүздө ушундай кылмыштуу аракеттер болуп жатса эмне үчүн тиешелүү органдар чара көрүшпөйт. Эмне үчүн тиешелүү органдар эск-судья Мамытовдон баасы эки милион долларлык эки имарат, 3 джип машина кайдан келди деп сурашпайт. Экс-судьянын баласы Эмилбек уулу Мырзабек УКМК арест койгон  жогоруда аттары аталган офисттерди 400 миң долларга сатам деп интернет аркылуу жарыя берип жатат. Бул жагдайга чара көрүлүш керек го акыры…

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *