Президенттин жүрөгүн багындырган ханайымдар. Эң жаш президент Макрондун жубайы өзүнөн 24 жаш улуу

  Мезгил

  Биринчи айым болуу сыймык гана эмес, өтө жоопкерчиликтүү дагы милдет. Президенттин жубайы болуп калууну эч ойлобогон Франциянын биринчи айымы – Брижит Макрон жолдошунан 24 жашка улуу болсо, ал эми Европанын жөнөкөй кызы  Мелания Трамп учурда Американын Ак үйүнүн кожейкеси. Анда эмесе ханайымдар тууралуу сөз кылабыз.

Азербайжандын биринчи айымы – Мехрибан Алиева

Азербайжандын президенти  Ильхам Алиевдин жубайы Мехрибан Алиева учурда 54 жашта. Алар 1983-жылы баш кошушкан. Алардын 2 кыз жана бир уулу бар.  Мехрибан Алиева  Ильхам Алиевдин дээрлик  геосаясий жолугушууларынын баардыгында анын дайыма жанында жүрөт.   

Тажикстандын биринчи айымы -Азизмо Асадуллаева

 Эмомали Рахмондун жубайы Азизмо Асадуллаева  туурасында маалыматтарды коомчулукка жарыялана бербейт. Ал жолдошу менен   конокторго жана башка өлкөлөргө коштоп барбайт.  Азизмо 9 баланы жарык дүйнөгө алып келген. Эмомали Рахмон экөөнүн  7 кыз жана 2 уулу бар.

Өзбекстандын биринчи айымы – Зироатхон Хошимова (Ойхон) Махмудовна

Зироатхон Хошимова тууралуу да маалымат аз. Ал динди катуу карманган жана бай үй бүлөдөн экендиги  айтылат. Зироатхон Хошимова жолдошу  Шавкат Мирзиеев менен институтта окуп жүргөндө таанышкан.

 Түркиянын биринчи айымы – Эмине Гюльбаран Эрдоган

Эмине Эрдоган 2014-жылы 28-августта  Түркиянын биринчи айымы болгон. Ал Стамбул шаарында  чоңойгон. Эмине Эрдоган “Акшам” искусство мектебинде билим алган. “Аялдар идеалистик бирикмесинин” катышуучусу. Ошол учурда ал Эрдоган менен таанышып 1978-жылы 4-июлда ага турмушка чыккан. Алардын    ортосунда  Ахмет Бурак, Неджмеддин Билал, Эсра жана Сюмеййе аттуу 2 уул 2 кызы бар.

Франциянын биринчи айымы – Брижит Макрон

 Брижит Макрон 65 жашта. Ал жолдошунан 24 жаш улуу, француз мугалими.

Брижит Макрон 1953-жылы 13-апрелде Франциянын Амьен шаарында төрөлгөн. Алты бир туугандын эң кичүүсү. Брижит Макрон президенттин жубайы болуп калам деп үч уктаса түшүнө кирбегендигин айтат. 21 жашында Андре Луиса Азиер атту банкирге турмушка чыгат. Андан 3 балауу болот. Андан соң, биринчи айым француз, латын тилинде мектептерде билим берип иштеп баштаган. Ошол жерден болочоктогу жолдошу Эммануэл Макрон менен таанышкан. Ал кезде Брижит  39 жашта болсо Макрон болгону 15 гана жашта болчу. Эммануэл Макрон анын окуучусу болгон. Мугалим менен окуучунун ортосунда сүйүү сезими жаралып  Эммануэл Макрон жубайы Брижиттин колун сурап экөө баш кошкон.

Американын биринчи айымы  – Мелания Трамп

Чыгыш Европанын жөнөкөй кызы  карьералык өсүшүн жогорулатып, алгач миллиардердин анан президенттин жубайы болгонго жетишти.  

Ал буга чейин моделдик бизнестин жылдызы, кымбат баалуу буюмдардын дизайнери болуп жүрүп, АКШнын Ак үйүнүн кожейкеси болуу буйруган.

 Кытайдын биринчи айымы – Пэн Лиюань

До Пэн көпчүлүктүн назарында болууну жактырбайт жана ар кандай иш чараларга да дээрлик катышпайт. Ал өзүнүн биринчи ханайымдык милдетин жана шоу бизнестеги өсүшүн биргеликте алып кетүүгө активдүү үлгүрүп келет. Кытайда жаңы жылдын концерттердин бири дагы биринчи айымдын катышуусуз өтпөйт.  Муну менен биргеликте 50 жаштагы Пэн Лиюань өзүнүн атактуулугун жогорулатып, аскердик базаларга гастролдогонго чейин жетишет.  

Сириянын биринчи айымы – Асма Асад

Асма Асад саясаттан алыс болууну жактырат. Ал Еврапанын кызы. Асма Асад Лондондо төрөлүп билим алган. Андан соң,  Америкада финансы компаниясында иштеп көп өтпөй Сирияга келүүнү каалаган. Ал жерден президент Башар асад менен таанышып, ага турмушка чыккан. Ал эч кандай араб кийимдерин кийген эмес, жана  каалагандай кийинип жүрөт. Учурда 3 баланын энеси.

 Япониянын биринчи айымы – Акиэ Абэ

 Акиэ Абэ учурда 57 жашта. Ал Япониядагы эң алдыңкы окуу жайында окуп билим алган. Жолдошу Синдзо Абэ  менен 1987-жылы баш кошушкан.

 Түндүк Кореянын биринчи айымы  – Ли Соль Чжу

Талкуу чордонундагы Түндүк Кореянын лидери  Ким Чен Ын күтүлбөгөн жерден аталган өлкөнүн биринчи айымын ачыкка чыгарып көпчүлүкту таң калтырган.

 Белгилей кетсек,  буга чейинки  бул өлкөнүн лидерлери  эч качан жубайын ачыкка алып чыкчу эмес.  Ким Чен Ын  жубайы Ли Соль Чжуннуга      көпчүлүктун алдында  чыгууда шым, бийик такалуу туфли жана ар кандай кооз буюмдарды тагынып чыкканга тыюу салган.   

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *