“Pro Style” ЖЧКсы Чехияга эмгек мигрантын мыйзамсыз жиберген

    Мезгил

     Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Чехияга жумуш иштөөгө барып, тиешелүү документтери жана медициналык аныктамасы жок калган У.Т. аттуу жаран тууралуу ишти териштирүүгө алат. Бул ишке тиешеси бар делген “Pro Style” ЖЧКсына “мыйзамсыз ишкердик жана банктык иш жүргүзүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлө баштайт.

   Чехияда ыңгайсыз абалда калган жогоруда аты аталган жаран 1 миң долларды “Pro Style” ЖЧКсына Европанын бир өлкөсүнө жумушка жиберүү үчүн төлөйт. Чехияга барган учурда ага жумуш орду тургай тиешелүү документтерди берүүдөн баш тартышат. Тергөө иштеринин жүрүшүндө “Pro Style” ЖЧКсы Бишкек шаарынын чок ортосунда жайгашкан Чүй кең көчөсүндөгү 28/1 дарегинде ишкердигин жүргүзүп келгендиги дайын болгон. Ал эми Миграция кызматынын реестринде КР жарандарын чет өлкөгө жиберүү боюнча мыйзамдуу каттоодон өткөн эмес, б.а. уруксаат алган эмес болуп чыкты.

Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы чет өлкөгө жумуш иштөөгө бара турган жарандарды мыйзамсыз иш жүргүзгөн алдамчылардан сак болууга чакырды. Эгерде жогорудагыдай окуялардын күбөсү болгондор болсо ЭКККМКнын Бишкек шаары Манас көчөсү 100/1 дарегиндеги кеңсесине кайрылып же нөөмөт бөлүмүнүн 0312 323 091, 323 707 номерлерине кабарлап коюуңуздарды өтүнөт.

 Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *