Профсоюздун “төө мондарына” парламент депутаттарынын тиши өтпөгөндө

   Мезгил

Кыргызстанда профсоюз деген уюм бар. Ырынан чыры көп. Аны негизинен союз учурунан менчиктелип калган кыймылсыз мүлктөрүн (пансионат, эс алуу жайлары) туура эмес пайдаланды, жолдомолор туура эмес берилди деген чырлар, жетекчилерине болгон наразылык митингдери дайыма коштоп келет. Буларга мамлекеттин да тиши өтө бербейби деген ой пайда болот экен аргасыздан.

Бүгүн 754 миң мүчөсү бар уюмдун федерациясынын жетекчисинин орун басары Рыскүл Бабаеваны баш кылып ЖКнын социалдык маселелер, маданият жана саламаттыкты сактоо комитети жыйынга чакырды. Ага депутаттар суроо берип жаткан учурда Тоо-кен металургиясы профсоюзунун жетекчиси Элдар Тажибаев да профсоюзга тиешелүү суроолорго аралашып жооп берип жаткан. Анан эле “профсоюз деген мамлкетке отчёт бербеген мекеме, алар өздөрүнүн мүчөлөрүнө гана отчёт берүүгө милдетүү” деп барк этти.

Айтылган сөздөрү аңызга айланып жүргөн депутат Кожобек Рысбаев бир капталдан сөз менен качырып калды. Анын Тажибаев 3 профсоюз мекемесинен 240 миң сом айлык алат дегенинен тигил чычалап кетип, “Бул чындык эмес. Эгерде менин ушундай айлык аларымды далилдеп бере алсаңыз эртең эле арызымды жазып жумуштан кетем. Менин айлыгым сиз айткандан аз. А эгерде далилдей албасаңыз келерки чакырылышта сиз депутат катары талапкерлигиңизди койбоймун деп сөз бересиз” деди.

Депутат Рысбаев “Сен мага шарт койбой, берилген суроолорго жооп бер” – деп демитти. Ортого Садык Шер-Нияз түшүп тиреше түшкөн экөөсүн жөнгө салды. “Эртең ЖМК бул жыйналышты базарга айланды деп жазат. Жөнөкөй базар эмес мал базары” – деп боорду эзген күлкүлүү сөз айтты.

Андан кийин депутаттар профсоюз жөнүндөгү баш ооруткан мыйзам долбоорун талкууга алып киришти.

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *