Прокурорлордун өтүнүчү ишке ашса, Атамбаев менен Жолдубаева эмнесинен айрылат?

Мезгил

Атамбаев баштаган 4 айыпталуучуну оор жаза күтүүдө

Мамлекеттик айыптоочулар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди, экс-баш прокурор Индира Жолдубаеваны кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан эрте бошоп чыгышына күнөөлүү деп табууну сотто сунуш кылды. Экөөнө тең 15 жылдан жаза мөөнөтү суралды. Дагы эки айыпталуучуга 13 жылдан жаза берүү өтүнүчү келтирилди.

Шектүүлөрдүн жактоочулары сотто алар коргоп жаткан адамдардын күнөөсү далилденбегенин, прокуратура сураган жаза оор экенин билдирип жатышат. Ошентип, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге айып коюлган дагы бир кылмыш иши боюнча соттук териштирүү аяктап калды. Бул – Кыргызстандын тарыхында мурдагы президент өлкөнүн ичинде сот жообуна тартылып жаткан биринчи окуя.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланышкан иш боюнча 16-июндагы соттук жараянда прокурорлор судьядан Атамбаев баш болгон төрт кишини 13 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратууну сурады. Сот жабык өтүп жаткандыктан, мамлекеттик айыптоо тараптын өтүнүчүн башкы прокуратуранын расмий өкүлү Наргиза Куватова окуп берди.

«Сотко Алмазбек Шаршеновичти жазык кодексинин 319-беренеси («коррупцияны уюштуруу») боюнча күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыратуу сунушталды. II даражадагы «Манас» жана «Данакер» ордендеринен, «Даңк» медалынан, президенттин энчилүү саатынан ажыратуу менен Атамбаевдин жана анын жакын туугандарынын мүлкүн конфискациялоо өтүнүчү берилди.

 

 

Жолдубаева Индира Ырысбаевнаны жазык кодексинин 319-беренеси («коррупцияны уюштуруу») боюнча күнөөлүү деп таап, 15 жылга абакка кесүү жана сот залынан камакка алуу суралды. Аны үчүнчү даражадагы мамлекеттик кеңешчи чининен жана өлкөгө эмгек сиңирген юрист наамынан ажыратуу, ага таандык автоунааны мамлекеттин карамагына алуу сунушталды.

Алмазбек Атамбаев жана анын жакындарынын конфискация болчу мүлкүнө беш машине, Чүй менен Ысык-Көл облусундагы үй, жер тилкелерин кошкондо, баш-аягы 10 чакты объект кирген. Бул тизмеде «Медиа Форум» ачык акционердик коому, ошондой эле «Форум», «Автомаш-Энерго», «Апрель ТВ» жоопкерчилиги чектелген коомдору да бар.

Мамлекеттик айыптоочулар ушул эле кылмыш иши боюнча коррупцияга шек саналган Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановду 13 жылга эркинен ажыратып, сот залынан камакка алуу менен Бишкек шаарындагы жана Жайыл районундагы үйүн мамлекетке чегерүүнү соттон сурады. Прокурорлор Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевге да 13 жыл жаза мөөнөтүн берүүнү соттон өтүнүштү.

Айтор, береги төрт берен тең Батукаевдин арты менен биротоле оңбогондой тагдырга кириптер болгону калышты.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *