“Путин агрессор” деген плакаттар үчүн кармалган активисттерге карата тергөө токтотулду

Мезгил

Нурлан Карымшаков менен Гүлзана Имаевага карата тергөө 26-июлда токтотулган. Бул тууралуу алардын жактоочусу  Замир Жоошев билдирген. 

Анын билдирүүсүнө караганда, тергөөчүлөр психологиялык-линвистикалык жана лингвистикалык экспертизанын жыйынтыктары боюнча алардын аракеттеринен кылмыштын курамдарын табышкан эмес.

Карымшаков менен Имаева «Улуттар аралык же расалык кастыкты козутуу» беренелери боюнча айыпталышып, 10 жылга чейин эркиндиктерин ажыратылышмакчы болгон.

Эске салсак, быйыл март айында  «Путин — агрессор» жана «Путиндин Ысык-Көлдөгү торпедаларына жол жок» деген плакаттар менен Россиянын Кыргызстандагы элчилигине пикетке чыгышкан. Митингден кийин аларды милиция кармап кеткен.

Бул окуя  Россиянын  президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга келерине бир күн калганда болгон.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *