Путин кайда кетти? Меркель менен Макрон Путинди издеп… (видео)

 Мезгил

Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Германиянын канцлери Ангела Маркель Берлинде чогуу сүрөткө түшүү учурунда Россиялык кесиптеши Путинди таппай калышты.  Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

 Бул окуя  Германиянны борбор калаасы Берлинде Ливия маселелри боюнча өткөн эл аралык конференция кезинде болгон.

 Видеодо Меркель менен Макрон эки жакты алаңдап карап Путинди издеп,  андан соң Меркель БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерришке бир нерсе айткандай болот.

 Бир нече секунддар өткөн соң, Франция президенти айлананы карап алдыны көздөй баскан. Ал эми ал учурда Ангела Маркел чет жакта бирөөнү жаңсап чакырып жатканын көрүүгө болот.

Мындан кийин гана Путин кадрда пайда болуп конференция катышуучулары менен  кол алышып учурашып амандашып баштайт.

 Белгилей кетсек, Ливия маселелери боюнча конференция кечээ 19-январда Берлинде өттү. Ага Франция, Германия, Россия, Улуу Британия, Түркия, ж.б мамлекеттер катышты.

  

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *