Путин Зеленскийге көңүл айтты

 Мезгил

Россиянын президенти Владимир Путин Украинанын президенти Владимир Зеленскийге Украинанын учагы авиакырсыкка учурашына  байланыштуу  көңүл айтты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды. 

Анда россиялык лидер  учак кырсыгынан  каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысына ортоктош экендигин билдирген.

Муну менен катар эле Путин Ирандын президенти  Хасану Руханиге да көңүл айтты.

Белгилей кетсек, учак кырсыгынан каза болгондордун көбү Ирандын жарандары болгон. Алардын арасында  Канаданын, Германиянын, Улуу Британиянын, Швециянын жана Ооганстандын жарандары да  болгон.

 Эске салсак,  бүгүн 8-январда Украинанын Киев шаарына багыт алган учагы Иранда кырсыкка кабылган. Учакта 167 жүргүнчү жана 9 экипаж мүчөсү  болгон. Алардын баардыгы каза болду.  

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *