Равшан Жээнбеков “Барымтага алуу” айыбы менен камалабы?

Мезгил

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда  аскерлердин барымтага алынышы боюнча Жогорку  Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков айыпталууда. Бул боюнча ИИМдин тергөө кызматына Жазык кодексинин 244-беренеси боюнча “Барымтага алуу” айыбы менен 48 саатка камалышы мүмкүн. Мындай айыптоого Равшан Жээнбеков төмөндөгүдөй пикирин билдирди.

– Мен мыйзамдуу иштеген оппозициялык-демократиялык саясатчымын. Барымтага алынгандарга тескерисинче жардам берип, «Тез жардамга» чыгарып, колумдан келгенин жасагам. Буга чейин менден эч кынтык таба албай келишкен. Азыр Атамбаевдин шылтоосу менен Кыргызстанда оппозицияны, эркиндикти, демократияны жок кылуу максатында бийликтин жасап жаткан кадамы – деди Жээнбеков.

Мындан сырткары Равшан Жээнбеков мыйзам чегинде сотто актыгын далилдей турганын билдирди.

Эске салсак, 7-августта Атамбаевди кармоо операциясында Атамбаевдин тарапташтары атайын кызматтын алты аскерин уруп-сабап, барымтага алышкан. Бул боюнча Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, КСДПнын мүчөлөрү Фарид Ниязов, Алга Кылычов барымтага алуу жана массалык башаламандык уюштуруу боюнча шектүү катары 8-октябрга чейин камакка алынган.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *