РАЖдагы депутаттар Бабановду эми эстешти

Мезгил. 

“Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев фракциянын мурдагы лидери Өмүрбек Бабановду эми эстеди. Ал бүгүн пленардык жыйында президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоду.

“Былтыркы президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабанов президент Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы болуп, шайлоочулардын отуз пайыздан көп добушун алган. Президенттик шайлоонун өткөнүнө туура бир жыл болуп калды. Андан кийин ден соолугунан улам өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду эле. Тынчтык жана биримдик үчүн саясаттан четтеп, бийликке колдоо көрсөтөөрүн жарыялаган”, – деди депутат.

Казакбаев Бабанов маселесине көңүл бурууга мамлекет башчысын чакырды.

“Ал кылмышкер эмес, чыныгы патриот”, – деп белгиледи.

2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабановдун Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткени белгилүү болгон. Ал  28-сентябрда Ош шаарындагы “Амир-Тимур” кичирайонундагы шайлоочулар менен жолугушууда улуттук жана диний карама каршылыкты жаратууга аракеттенип, конституциялык түзүмдү күч менен өзгөртүүгө чакырык таштаган деп айыпталып, Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон.

Ага карата экинчи кылмыш иши бийликти күч менен басып алууга жана массалык башамаландык жаратууга даярдык көргөнгө шектелип, козголгон. Бирок, бул кылмыш иши боюнча тергөө токтотулган.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *