Республикалык штаб: Санитардык эрежени сактабаган коомдук транспорт, такси, кафе жана ресторандар жабылат

   Мезгил

   Коомдук транспорт, такси, кафе жана ресторандар санитардык эрежерлерди бузуулар үчүн жабылат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды. 

Тармактык мамлекеттик органдарга бул объекттерди текшерүүнү күчөтүү тапшырылды. 

«Маршруттук таксилерде жүргүнчүлөрдүн үчтөн бири беткап тагынса, беткапсыз түшкөндөрү дагы бар. Такси жана дүкөндөрдө деле ушундай эле кырдаал. Кечээ жакында көп сандагы адамдардын катышуусунда ресторанда өткөрүлгөн үй-бүлөлүк иш-чара аша чапкандык. Бишкек мэриясы мындан ары ушул сыяктуу окуяларга жол бербөө үчүн чара көрүүгө тийиш. Коомдук унаада жана коомдук тамактануу жайларында санитардык эрежелерди сактоо күчөтүлүшү шарт. Коопсуздук кызматы беткап тагынуу жана колду дезинфекциялоого көзөмөл жүргүзгөн айрым соода объекттеринин тажрыйбасы бардык коомдук жайларда колдонулушу керек. Буга чейин мен ИИМге жана тармактык кызматтарга таксилерди жана маршруттук таксилерди текшерүүгө тапшырма бергем. Кандай иштер аткарылды? Жооптуу адамдар тиешелүү ченемдерди так аткарганга чейин текшерүү туруктуу жүргүзүлүп турууга тийиш», – деди Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов. 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *