Санитардык-карантиндик посттор шаар жана облустарга кире бериште текшерүү күчөтүлөт

  Мезгил

 Санитардык-карантиндик посттор шаар жана облустарга кире бериште текшерүүнү күчөтөт. Тийиштүү тапшырма Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берилген.

«Санитардык-карантиндик посттор ишин күчтөндүрүүсү зарыл. Өзгөчө көңүлдү Бишкек жана Ош шаарларына буруу керек. Посттордо тепловизор аркылуу температураны өлчөө жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөй жаткандыгы тууралуу сын айтылууда», – деди  биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов.

Бишкек мэри Азиз Суракматов белгилегендей, коомдук жайлардагы оору жугузуп алуу учурларынын саны жогорулагандыгына байланыштуу өлкө аймактарынын тургундарынын борборго каттоосу кооптуу болуп саналат. Буга байланыштуу шаарга каттоону кыскартуу, ага өтө зарыл учурда гана баруу сунушталат.

 Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө абал режими иштеп жатат, Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл округунда карантин режими орун алган. 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *