Рита Карасартова: Биздин укугубузду коргой турган органдар укугубузду тебелеп жатышат

       Мезгил

  Активисттер УКМКнын жетекчилиги отставкага кетирүүсүн талап кылууда.   Мындай маанидеги кайрылууну  Динара Ошурахунова, Рита Карасартова, Бурул Макенбаева, Гүлнара Журабаева ѳңдүү жарандык активисттер социалдык түйүндѳрдѳ таркатышууда. Ал эми УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаевди кызматтан кетүүсүн эмне септен талап кылып жатышкандарын укук коргоочу Рита Карасартова “ Mezgilnews” сайтына мындайча билдирди.

       -Акыркы күндөрү  массалык маалымат каражаттарынан  пайда болгон жаңылыктардан көрүп жатабыз, ошол коопсуздукту камсыз кыла турган органда тескерисинче кооптуу  абал жарата тургандай  абал түзүлгөн.  Эң акыркы ачыкка чыккан маалымат  бул мурун жасалган кылмыштын үстүнөн “вещественные доказательства” болгону  200 миң сом ошол жабык органдан уурдалып кеткени. Бул эмнени билдирет?.  Бул биз системи бузулуп такыр  реанимацияга да жарабай калган деген абалды билдирет.

Ошондой эле укук коргоочу жаңы органдын концепциясын иштеп чыгуу мезгили келди деген ойдо.  

 -Биз айтып жатабыз, реформалап деле кыйналбай эле койгула, бүгүнкү күндө Кыргызстанда  коопсуз маселесин ким камсыздай алат  атайын орган, разветка жана контрразветка, терроризм менен күрөшүү маселесин калтырып түп  тамыры менен жаңы органдын концепциясын иштеп чыгуу мезгили келди.  Андыктан биз бүгүнкү күндө бизге ачык болуп калган маалыматтын негизинде жасап жаткан тыянагыбыз ошол. А канча деген маалыматтар ачылбай “силер элге айтсаңар силердин балаңар же башкалары  запкы чегет” деп канчалар   айтпай жүргөндөрү толтура. Ошон үчүн бүгүнкү күндө абал абдан оор. Көп учурда тескерисинче биздин укугубузду коргой турган органдар биздин укугубузду тебелеп жатканын көрүп, биз келечекте кандай мамлекет курушубуз керек деп ойлоно турган мезгил келди- дейт  Карасартова.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *