Рита Карасартова чет элдик “тыңчы” деген маалымат чынбы?

Мезгил

“Фейсбук” социалдык тармагында “Рита Карасартова чет элдик кураторлордун тыңчысы” – деген маалымат тарады.

Андагы маалымат боюнча Рита Карасартованы президент мамлекеттик кызматтарга бир нече жолу сунуштаса да баш тартып коюптур. Ал кызматтар: президенттик аппараттын кызматкерлиги, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин орун басарлык кызматы. Рита Карасартованын донордук уюмдар менен иштешкен гранттык негиздеги кыска мөөнөттүү долбоорлорун кошпогондо, өзүнүн жеке ишкерчилиги же туруктуу киреше булагы жок, деп жазган интернет колдонуучу. Андар ары:

“Эмне үчүн Рита Карасартова ЖЭБди оңдоп-түзөөдөгү “жеп” алгандар боюнча унчукпайт? Тарых музейдеги жана Ипподромдогу жүргүзүлгөн оңдоп-түзөө иштериндеги коррупция боюнча бир дагы ооз ачпайт? 

«Мурунку саламаттык сактоо министрлигинен колуңду тарт» деп Динара Сагынбаеваны коргоп чыкканын, бийлик угуп, аны үй камагына бошотту. Рита Карасартовага дагы эмне керек?

Кээ бир көз боёмочуларды абактан койо берүү талабын коюп, күч органдарын бөлүп-жарып, УКМКнын аброюн түшүрүп, бул “акылынан адашкан аял” эмне максатка жетүүнү көздөп жатат?  Негизи эле анын коррупция менен күрөшүү жолу абдан эле кызык болуп жатат», – деген маалымат жазылган.

Бул тууралуу Рита Карасартова эмне деп жооп узатар экен? Же “Фейсбуктагы” маалымат катардагы маалыматтардын бири болуп калабы?

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *