Россия берген амнистияны колдонгусу келген мигранттар кайда кайрылса болот?

Мезгил

Россия берген амнистияны колдонгусу келген мигранттар кайда кайрылышы керектигин Тышкы иште министрлиги айтты.

  Маалым болгондой, мыйзам бузуу менен жүргөн атуулдарга жоопкерчиликке тартылбастан ачыкка чыгуу мүмкүнчүлүгү берилет.

Ал үчүн 1-апрелден 22-апрелге чейин Россиянын Ички иштер министрлигинин миграция башкармалыгынын каалаган райондук бөлүмүнө паспорт менен келүү керек.

Ал жактан миграциялык каттоого алынып, жаңы миграциялык карта берилет.

Ал эми паспорту жоктор Кыргызстандын элчилигинен же консулдук мекемелеринин биринен Кыргызстанга кайтуу күбөлүгүн каттатып, Россиядан 22-апрелге чейин чыгып кетиши керек.

Кайра мыйзамдуу түрдө каалаган убакта кирүүгө болот.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *